Төгөт жамгыр…

дождь

Төгөт, төгөт, төгөт жамгыр, тышта түн.
Мен да жаанда, мен да тышта түндөмүн.
Төккөн күнгө бактым өңдүү сүйүнүп,
Өткөн күнгө ыйлай албай келемин.

Жашаганы билбейм бирок кечтим күн,
Тазалыгын кимдер туйду жүрөктүн.
Адамдарга чачып жүрүп сүйүүмдү,
А мен өзүм тазарбастан кирдепмин.

Көктө жүргөн кыялдарым жок болуп,
Көптөр жүргөн көчө менен агылам.
Бирок дале бир жүрөккө багынып,
Бирок дале бир жашоону сагынам.

А сиз кайда, каяктасыз бул тапта,
Азыркы жаан кеттиби же чачылтып.
Асыл жаның аяп аккан тамчыны,
Акын жаның турса керек жанчылып.

Барам сизге бакыты зор бир күнү,
Балким ушул жааны катуу түндөрдө.
Сен жөнүндө айтсам дагы чоң жомок,
Мен жөнүндө туйган жоксуң эч нерсе.

Кайта эле мен жамгырлардан суурулуп,
Кайта эле мен кара ойлордон кирдеймин.
Калгандыктан өзүмдү эбак унутуп,
Канча жерге жөө келгеним билбеймин.

Чарт этип күн жамгыр дале төгүлүп,
Чагылгандан жолдор кетет көрүнүп.
Сен да азыр мени туйбас сыяктуу,
Мен да мынча жаанда калган эмесмин.

Азыр барсам сен да турсаң үйүмдө,
Күтүп мени күүсү жамгыр түндөрдөн.
Суу кийимимди көрүп алып үшүгөн,
Суук тийди деп урушмаксың балким сен.

Төгөт, төгөт, төгөт жамгыр тышта түн,
Мен да жаанда, мен да тышта түндөмүн.
Эч ким деле эстеп мени бул жаанда,
Эч ким деле сагынбасын билемин.

Төккөн күнгө бактым өңдүү сүйүнүп,
Өткөн күнгө ыйлай албай келемин.

This entry was posted in Жаратылыш, Поэзия and tagged , , . Bookmark the permalink.

1 Response to Төгөт жамгыр…

Leave a Reply to Жамиля Cancel reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *