Чаңкоо

thiscb57

Чакырыгын жүрөктүн тыңшай албай
Чатышкан ой туюмда ала салып.
Чаржайытка таштаба, таштабачы
Чаңкап турам жакшы ырга ушунчалык.

Чарт жарылып кетчүдөй көздүн нуру,
Чанагынан чачылган үмүт жанып.
Чаржайыт ой, сагыныч, көр турмуштан,
Чарчап турам ушунча, ушунчалык.

Чарчап келем ар дайым бардыгынан,
Чарчоо менен өзүмдү жашатамын.
Чанып туруп тирликти азыр эле,
Чай коюуга кайрадан баратамын.

Чамгарагы кыйшайып барат улам,
Чатырынан  өмүрдүн тамчы тамып.
Чарчатканы  бүтмөйүн көр турмуштун,
Чаңкай  берем жакшы  ырга ушунчалык.
Чаңкай  берем жакшы  ырга ушунчалык.

 

 

This entry was posted in Поэзия and tagged , , . Bookmark the permalink.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *